Чүйдө катуу шамалдын кесепети такталууда

Чүйдө 7-апрелдеги катуу шамалдын кесепетин тактоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен бүгүн кабарлашкандай, Панфилов, Жайыл, Москва, Сокулук жана Ысык-Ата райондорунун айрым айылдары жабыркады. Жалпысынан 813 м² темир чатыр жана 40 даана шифер талкаланган. Ысык-Ата районунун Сары-Жон айылынын бир тургуну шамал учурунда чатырын бекемдейм деп жатып шифер менен кошо учуп кеткен. Эртеси күнү ал ооруканада көз жумган.

7-апрелде Чүйдө жана көлдүн Балыкчы шаарында ылдамдыгы секундасына 25-35 метрге жеткен катуу шамал жүргөн болчу. (RK)