Ооганстан: шайлоого берилген добуштардын жарымынан көбү саналды

Ооганстанда президенттик шайлоодо берилген добуштардын жарымынан көбү саналып бүттү. Шайлоо комиссиясы 34 провинциянын 20сынан бюллетендер Кабулга жеткирилгенин маалымдады. Калган аймактардан бюллетендер 15-апрелге чейин ташылып бүтөт.

Шайлоонун жүрүшү боюнча байкоочулардан жана шайлоочулардан 2000ден ашуун даттануу түшкөн. Арыздарды шайлоо комиссиясы текшерип жатат.

5-апрель күнү Ооганстанда өткөн президенттик шайлоого 12 миллион шайлоочунун 7 миллиондон ашууну катышып, добуш берди. Евробиримдиктин байкоочулары ооган элин мамлекет башчыны тандоодогу активдүүлүгүн жогору баалашты.

Президенттик такты үчүн сегиз талапкер ат салышты. Учурда Ооганстанды Хамид Карзай башкарат.