“Билимдүү жаштар мода болушу керек”

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

“Азаттык” “Азыркы кыргызстандык” түрмөгүнүн алкагында дүйнө, ата мекен жана ааламдашуу тууралуу өзгөчө пикири бар, алдыга умтулган жаштарды угарман-көрөрмандарга тааныштырып келатат. Биздин бүгүнкү каарманыбыз ондогон социалдык долбоорлорго колдоо көрсөтүп, өзүнүн ишкердигин да ийгиликтүү жүргүзүп келаткан жаш ишкер Кубан Сагынбеков. Кубандын борбордогу “Студио 247”кафеси азыр интеллектуал жана музыканы сүйгөн жаштардын аянтчасына айланган.