Жалал-Абадда Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди

Жалал-Абад шаарында Апрель окуясынын курмандыгы болгон үч адамдын арбагына куран окутулуп, алардын үй-бүлөлөрүнө 3 миң сомдон берилди. Ал эми Апрель окуясынын катышуучуларынан болгон 35 адамга 500 сомдон материалдык жардам берилип, сый тамак уюштурулду.

Облус борборунда жаштардын 3 чакырымга массалык чуркоосу болуп өттү. Ага жети окуу жайдын студенттери катышып, 40 жеңүүчүгө баалуу белектер тапшырылды. Жаштардын мелдеши "Биз тынчтык, биримдик, ынтымак үчүн!" деген ураан алдында өттү. (YA)