Ботаникалык бакчага 100 миң сом бөлүнөт

Жогорку Кеңештин маалымат кызматынын билдиришинче, Бишкектеги Улуттук илимдер академиясынын Э.Гареев атындагы ботаникалык бакчасын жашылдандыруу үчүн парламенттин төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом бөлүнө турган болду. Ботаникалык бакчанын директору Туратбек Мүсүралиевдин айтымында, каражаттын бир бөлүгү көчөт сатып алууга, калганы бакчада ишембилик иштерин уюштурууга жумшалат.

Ботаникалык бакча 1938-жылы түзүлгөн. Ичиндеги өсүмдүктүн көп түрдүүлүгү боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи орунду ээлейт жана ал эл аралык Ботаникалык бакчалар ассоциациясынын мүчөсү. Ушул тапта бакчанын аянты 124 гектар. Шаар тургундарына анын 36 гектар жеринде сейилдөөгө мүмкүндүк берилген.

2011-жылы бакчанын аймагына канадалык биолаборатория куруу пландалып, 4 гектар жер бөлүнгөн. Бирок кийин экологдор каршы чыгып, президенттин кийлигишүсү менен ал курулбай калган. (AzK)