"Ата-Бейитте" Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди

Бүгүн Кыргызстанда Апрель окуясы эскерилүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев баш болгон өлкө жетекчилери Чоң-Таш айылындагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде маркумдардын эстелигине гүл койду. Арбактарга багышталып куран окулду.

Ага чейин Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы Апрель жана Аксы окуяларынын баатырларынын эстелигинин жанында эскерүү иш-чарасы өткөн болчу. (RK)