Караколдо Апрель окуясынын эстелиги ачылды

Каракол шаарында бүгүн 2010-жылдын Апрель окуясында курман болгондорго эстелик ачылды. Шаардагы Пушкин атындагы сейил бакта орнотулган эстеликтин тегерегине буга чейин Тянь-Шань карагайынын 200 көчөтү отургузулган болчу. Бүгүнкү эскерүү иш-чарасына өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев катышып, курман болгондордун арбагына багышталган куран окулду.

2010-жылдын 7-апрелинде өлтүрүлгөн 78 демонстранттын 11и Ысык-Көлдөн болчу.(MK)