Бишкекте жолдорго убактылуу чектөө киргизилет

Апрель окуяларынын эскерүү иш-чараларына байланыштуу эртең Бишкектин айрым көчөлөрүндө унаа каттамга убактылуу чектөө киргизилет. Жол-кайгуул кызматынан кабарлашкандай, эртең 7.30дан 11.30га чейин Чүй проспектисинин Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат. Аталган кызмат айдоочуларды чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алууга жана сабырдуу болууга чакырды.(BkA)