АКШ "Боингге" Иранга тетик сатууга уруксат берди

Учак жасоочу "Боинг" компаниясы билдиргендей, АКШнын Каржы департаменти ага коммерциялык учактардын шайман-тетиктерин Иранга сатууга лицензия берди. Ишкананын кечээ таркаткан маалыматына ылайык, лицензия учуулардын коопсуздугун кепилдөө үчүн ыйгарылды. Бул күнү машина жасоочу "Женерал моторс" да Иранга 1970-жылдагы сатылган 18 моторду оңдоого уруксат алгандыгын ырастады. Бул кадамдар дүйнө мамлекеттери менен Ирандын ортосунда Тегерандын ядролук программасы боюнча жетишилген келишимдин чегинде жасалып жаткан шекилдүү.