Бишкекте “Биз таза шаар үчүн” акциясы өтөт

Бишкек шаардык мэриясы 5-апрель күнү “Биз таза шаар үчүн” аттуу акция өткөрөт. Иш-чара активист жаштар тобу жана коомдук уюмдардын көмөгү менен уюштурулууда.

Саат 10:00дөн баштап жаштар Чүй, Киев көчөлөрү жана Эркиндик бульварындагы таштандыларды тазалашат. Акциянын жүрүшүндө калаа тургундарына жана конокторуна табиятка болгон мамиле жана экологиялык маданият тууралуу кеп-кеңештер айтылат. (SE)