Ооганстанда германиялык журналист киши колдуу болду

Ооганстанда полициянын униформасын кийген кишинин колунан германиялык фотограф Аня Нидрингаус каза тапты. Анын канадалык кесиптеши Кэти Гэннон оор жаракат алды. Кол салуу өлкө эртеңки президенттик шайлоого даярданып жаткан учурда болду.

"Талибан" аны жардыруу, башка теракттар аркылуу үзгүлтүккө учуратаарын эскертип келатат. "Ассошейтед Пресс" үчүн иштеген эки журналист Пакистан менен чек арадагы чакан шаарчада жүрүшкөн. Нидрингаус 2005-жылы Ирактагы согушту чагылдырган сүрөттөрү үчүн кесиптештери менен бирге Пулитцер сыйлыгына татыган. Өткөн айда Кабулда талиптер жергиликтүү белгилүү журналист менен 8 кишиин атып кеткен.