5-апрелге карата аба ырайы

5-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймагында жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 9...14, Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 7...12,
Баткенде түнкүсүн 3...8, күндүз 10...15,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 6...11, күндүз 12...17,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15,
Нарында түнкүсүн 0...5, күндүз 10...15, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -6...-11, күндүз 0...-5 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаайт. Түнкүсүн абанын температурасы 6…8, күндүз 10…12 градус жылуу болот.