Карабалталык жаран таап алган куралды милицияга тапшырды

Кара-Балта шаарынын 67 жаштагы тургуну жергиликтүү милицияга Калашников Ак-74 үлгүсүндөгү автоматты окчонтойу менен тапшырып, аны таап алганын айтты. Бул тууралуу Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. Ал жаран мылтыкты 3-апрелде үйүнө жакын жердеги талаадан тапкан.

Табылган курал боюнча иликтөө жүрүп жатат. (SE)