Бишкекте Азиянын олимпиадалык чуркоо күнү белгиленет

4-апрелде Бишкектин “Түштүк дарбазасында” Азиянын олимпиадалык чуркоо күнү белгиленет. Бул тууралуу мамлекеттик спорт агенттиги маалымдайт. Чуркоо акциясына 1999-2002-жылдары туулган мектеп окуучулары катышат. Эркектер жана кыздар өз-өзүнчө 8 тайпада 500 метр аралыкка жарышат.

Жеңүүчүлөр диплом жана атайын сувенир менен сыйланат. (SE)