Сариева: Жаңы өкмөт билим берүүгө өзгөчө көңүл бурат

Кыргызстандын жаңы өкмөтү үчүн социалдык тармактагы негизги маселе билим берүү системасы болмокчу. Бул тууралуу ушу тапта парламентте өзүнүн иш-максаты тууралуу баяндап жаткан социалдык блок боюнча вице-премьер-министрликке талапкер Элвира Сариева билдирди. Ал ушу тапта 30 миңден ашуун бала мектепке барбай жүргөнүн, 6-7 жаштагы бөбөктөрдүн 15% үчүн мектепке чейинки даярдыктан өтүү шарты түзүлбөгөнүн билдирди. Ал эми саламаттыкты сактоо системасынын негизги көйгөйү катары иш мобилдүү уюшулбагандыктан бул тармакка бөлүнгөн каражат натыйжасын бербей жатканын атады. (RK)