Кулматовдун программасы ишке ашабы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов бүгүн шаарды өнүктүрүүнүн жаңы программасын сунуштады. Аталган программа буга чейин шаардык кеңештин алдынан өтүп, эми коомдук талкууга коюлуп жатат. Кубанычбек Кулматов борбор калааны башкаруу системасы кризиске учураганын айтып, бийликти децентрализациялоо зарылдыгын белгиледи.