Өткөн айда Ооганстанда кызмат өтөгөн бир дагы америкалык аскер каза тапкан жок. Бул тууралуу Пентагон кабарлады. АКШнын Коргоо министрлиги билдиргендей, акыркы ирет мындай тынч көрсөткүч 2007-жылдын январь айында гана катталган. Америка Ооганстандан өз аскер контингентин кыскарта баштагандан кийин жоготуулар азайган. Пентагон маалымдагандай, учурда Ооганстанда 33 миң аскер жайгашкан. 2011-жылы АКШ аскерлеринин саны 100 миңге жеткен. Эл аралык аскерлер тобунун өлкөдөгү миссиясы быйыл декабрда аягына чыгат.