Жаңы коалиция түзүлдү

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Парламентте куралган жаңы коалиция “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” деп аталды. КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков билдиргендей, 1-апрель күнү Жогорку Кеңеште кезексиз сессия чакырылып, жаңы коалиция түзүлгөнү расмий жарыяланат. Парламентте бүгүн түзүлгөн башкаруучу коалицияга КСДПнын 25, “Ата Мекендин” 16 жана “Ар-Намыстын” 24 мүчөсү, бардыгы болуп 75 депутат кирди. Фракциялардын лидерлери бүгүн жаңы коалиция боюнча келишимге кол коюшту. Ошентип, “Ата-Журт” менен “Республика” оппозицияда калды. 26 "атажуртчу" менен 16 "республикачыны" эсептегенде азчылыкта 42 депутат калууда.