Үч фракция кайрадан коалицияга бирикти

Парламенттеги башкаруучу коалицияга КСДП, “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” фракциялары кирди. Алардын лидерлери бүгүн жаңы коалиция боюнча келишимге кол коюшту. “Ата-Журт” менен “Республика” оппозицияда калды.

Парламенттеги мурдагы коалиция 18-мартта таркаган. Жаңы коалиция түзүү боюнча мандатты президент КСДП фракциясына берген.

Буга чейинки коалицияда да, оппозицияда да ушул курамдагы фракциялар болчу. (SE\ZB)