Кыргызстанда күн кескин жылыды

Кыргызстандын аймагында күн кескин жылыды. Ысык-Көл жана Нарын облустарынан башка жерлерде күндүз абанын температурасы 30 градуска жетүүдө. Мындай аба ырайы карды тез эритип, кар көчкүлөрдүн көбөйүшүн шарттайт.

Кыргызгидромет 3-апрелге чейин тоолуу унаа жолдордо кар көчкү коркунучу жогору экенин эскертет. Айдоочулар жолдогу унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сакташы керек экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүүдө. (SE)