Башкы чек арачы түштүк аймагын кыдырат

Кыргызстандын Чек ара кызматынын төрагасы Райымберди Дүйшөмбиев 31-марттан 2-апрелге чейин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы чек ара аймактарын кыдырат. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана чек арачылар менен жолугуп, аймактагы көйгөйлөрдү талкуулайт.

Республиканын түштүгү Тажикстан, Өзбекстан жана Кытай менен чектешет. (SE)