Кытайга эт экспорттоо мерчемделүүдө

Кыргызстандан Кытайга малдын этин жана жер-жемиштерди экспорттоонун жолдору сүйлөшүлүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, парламенттин аргрардык саясат, суу ресурстары боюнча комитетинин алдында бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлүп, Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүүдө.

Мындай кезектеги сүйлөшүү 28-мартта өттү. Ага кыргызстандык фермерлер жана Кытайдын Хнан аймагынан келген депутаттар жана ишкерлер катышты. Сүйлөшүүдө кытайлык ишкерлер Кыргызстандан эт сатып алууга кызыкдарлыгын билдирди. Бул боюнча Кытайдын тиешелүү органдары менен иш жүргүзүү Экономика министрлигине тапшырылды.(BkA)