Спортчулар коомдук бирикме түздү

Кыргызстанда спортчулар жана спорт ишмерлери “Келечек” деп аталган коомдук бирикме түздү. Бул тууралуу анын негиздөөчүлөрүнүн бири, эркин күрөш боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүсү Алмаз Аскаров кабарлады.

Аскаровдун айтымында, уюм жаш спортчуларды колдоо жана спорт тармагын өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатын көздөйт. Бирикменин алгачкы жыйыны бүгүн Бишкекте өттү. (KMa/BkA)