Кыргыз-тажик чек ара сүйлөшүүсү апрелдин башында өтөт

Бул тууралуу “Азаттыкка” коопсуздук маселелери боюнча вице-премьердин милдетин аткаруучу Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүнү өткөрүү жери такталып жатат. Эки өлкө ортосундагы чек ара бекеттерин ачуу жана 11-январдагы чатакты иликтөө иштери талкууланмакчы.

Кыргыз-тажик чек арасы 11-январда болгон эки өлкө чек арачыларынын ортосундагы атышуудан кийин жабылган. Андан бери эки ирет Бишкекте, бир жолу Дүйшөмбүдө өкмөт аралык сүйлөшүү өттү. Бирок майнап чыга элек. (BkA)