Бишкекте жапон киносунун фестивалы өтүүдө

Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашкандай, 25-мартта башталган фестивалда жапон режиссерлорунун тандалган тасмалары кыргыз көрөрмандарга сунушталууда. Тасмалар борбордогу “Октябрь” кинотеатрында көрсөтүлүп жатат. Фестивал 27-мартта жыйынтыкталат.

Кинофестивалдар кыргыз-жапон маданий кызматташтыгынын бир багыты болуп эсептелет. Соңку жылдары жапон тилин үйрөнүүнү каалаган кыргызстандыктардын саны өсүүдө. Жапониянын Эл аралык өнүгүү агенттиги (JICA) аркылуу түрдүү маданий программалар ишке ашырылууда. (RK)