Бишкекте Батыш маданиятынын фестивалы өтөт

Эртең, 26-мартта, Бишкекте Батыш тилдери жана маданиятынын фестивалы өтөт. Бул жөнүндө фестивалды уюштуруп жаткан Бишкек гуманитардык университетинен кабарлашты. Мындай иш-чара аталган окуу жайда жыл сайын өткөрүлөт. Анын максаты - жаштарды чет тил үйрөнүүгө тартуу, аларды Батыш маданиятынын өзгөчөлүктөрү менен тааныштыруу.

Фестивалга АКШ, Германия, Франция, Италия мамлекеттеринин Кыргызстандагы элчилик жана эл аралык билим берүү программа өкүлдөрү катышат. (ATe)