Жогорку Сотто Камчы Көлбаевдин иши каралууда

Бүгүн Жогорку Сотто кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү атыккан Камчы Көлбаевдин иши каралып жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Сот жабык өтүүдө.

Былтыр Бишкектин Биринчи Май райондук соту Камчы Көлбаевди "бирөөнү коркутуп, мүлкүн тартып алган" деген берене менен 5 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Андан соң Көлбаевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Жактоочунун арызынын негизинде шаардык сот Көлбаевдин жаза мөөнөтүн 3 жылга чейин кыскарткан. Мындай жазага макул болбогон Көлбаевдин адвокаты төмөнкү баскычтагы соттордун чечимин адилетсиз деп атап, Жогорку Сотко кайрылган.

Камчы Көлбаев 2012-жылдан декабрында Араб Эмираттарынан Бишкекке алынып келген. Аны АКШ дүйнөдөгү кооптуу баңги барондорунун тизмесине киргизген.(BkA)