Ош ОИИБ: Келдибаевге куугунтук болгон жок

Ош милициясы “Кыргыз-Ата” партиясынын өкүлдөрүнө кысым болуп жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Облустук Ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, “Кыргыз-Ата” партиясынын лидери Төлөгөн Келдибаевдин саясый көз карашынан улам суракка чакырылып жатканы жөнүндөгү маалымат чындыкка дал келбейт.

- Келдибаев Ош облустук керектөөчүлөрдүн укугун коргоо инспекциясын жетектеп турганда жол берген мыйзам бузуулар боюнча суракка чакырылган. Ага эч кандай саясый мүнөз берүүнүн кереги жок, - деп жазылат милициянын билдирүүсүндө.

Буга чейин Төлөгөн Келдибаев 24-мартта Оштогу борбордук аянтта партиялаштары менен митинг өткөрүүнү пландаганы үчүн милиция менен УКМК кызматкерлери аны суракка алып жатканын айткан. Муну ал саясый кысым катары баалаган болчу. (SE)