АКШ жана Пакистан террор менен күрөшүүнү талкуулашты

АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри анын өлкөсү Пакистан менен бир катар жагдайларды – анын ичинде терроризм менен күрөштү биргеликте чечүүгө аракеттерин улантаарын баса белгиледи. Гаагада Өзөктүк саммиттин алкагында дүйшөмбү күнү Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф менен жолугуудан кийин мамкатчы Керри буларга токтолду:

Биз дагы бир ирет Пакистандын өзөктүк коопсуздугуна терең ишенимибизди билдиребиз. Алар көптөгөн жумуштарды аткарышты. Премьер-министр бул маселелерге саммит учурунда кеңири токтолот. Бирок биз экстремизм, терроризмге каршы күрөшүүдөгү кызматташтык жана Ооганстандагы кырдаал өңдүү олуттуу маселелерди дагы талкуулайбыз.

Пакистандын азыркы өкмөтү өткөн жылдын июнь айында келген.