Бул тууралуу аталган фракциянын мүчөсү, депутат Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, өткөн апта соңунда Социал-демократтар фракциясынан коалицияга кирүү боюнча сунуш түшкөн. Бул сунушту фракция өз жыйынында талкуулап, коалицияга кирүү чечимин кабыл алган.
- Мындан аркысы коалицияны түзө турган фракциялар менен сүйлөшүүгө жараша болот, - деп кошумчалады Бекматов.
Учурда Жогорку Кеңеште жаңы коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Аны куроо мандатын президент Алмазбек Атамбаев 20-март күнү КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырган. Коалиция жаңы өкмөттүн курамын 11-апрелден кечиктербей бекитиши кажет. Турсунбеков буга чейин “Азаттыкка” коалициянын курамын үч же төрт фракциядан түзүү варианты каралып жатканын билдирген болчу.
Жогорку Кеңештеги “Ырыс алды - ынтымак” коалициясы 18-мартта таркаган. Ага “Ата-Мекен” фракциясынын чыгып кетиши себеп болгон. (BkA)