Кургак учукка каршы акция жүрүп жатат

Кыргызстанда кургак учукка каршы бир айлык акция жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев билдирди. Акция алкагында ири шаарлардан тартып алыскы айылдарга чейин кургак учук, аны алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча маалымат берилип, ар кандай сынактар өткөрүлүүдө. Акция 3-апрелге чейин уланмакчы. Ал эми бүгүн Кургак учукка каршы бүткүл дүйнөлүк күнгө карата жер-жерлерде ар кыл талкуу, маалыматтык өнөктүктөр уюштурулууда

Кыргызстанда жылына кургак учукка чалдыккан 6 миңге жакын киши катталат. Алардын миңге жакыны балдар жана өспүрүмдөр. Мурдагы жылдардай эле сыркоолордун саны Бишкекте жана Чүйдө көп. Мунун себебин адистер ички миграция менен байланыштырууда.