Грузия прокуратурасы Саакашвилини суракка чакырды

Михаил Саакашвили Киевде студенттер менен жолугушууда. 26-февраль, 2014-жыл

Мурдагы президент Михаил Саакашвили бир катар кылмыш иштерди иликтөөдө күбө катары суракка чакырылды. Прокуратуранын ишемби күнкү билдирүүсүндө Саакашвили 10 кылмыш иш, анын ичинде мурдагы премьер-министр Зураб Жваниянын табышмактуу өлүмү боюнча суроолорго жооп берүүгө бейшембиде чакырылганы айтылат.

Саакашвили учурда Грузияда эмес. Өткөн ноябрда кызматтык мөөнөтү соңуна чыккандан бери экс-президент АКШда университетте лекция окуйт.

Грузияда 2012-жылы парламенттик шайлоодо Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” коалициясы бийликке келгенден кийин Саакашвилинин ондогон санаалаштарына коррупцияга байланышкан жана кызматтынын кыянаттык менен пайдаланган деген негизде айыптар тагылган.