Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) алдыдагы алты айда 500гө чукул байкоочуларды Украинага жиберүү чечимин кабыл алды. ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн, анын ичинде Орусиянын өкүлдөрү бул тууралуу жума күнү кечинде Венада өткөн жыйында макулдашты.
Буга чейин Орусия Украинага байкоочулардын миссиясын жиберүү тууралуу ЕККУнун сунушуна бөгөт койгон. Байкоочулардын мандаты Орусия аннексиялаган Крым аймагына дагы кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Эл аралык байкоочулар Херсон, Одесса, Львов, Ивано-Франковск, Харьков, Донецк, Днепропетровск, Черновцы жана Луганск аймактарына жиберилет. ЕККУнун миссиясынын баш кеңсеси Киевде болот.
Алгач миссиянын курамына 100 киши кирсе, алардын саны Украинадагы кырдаалга жараша 500гө чейин жетиши мүмкүн.