Казакстандын Павлодар облусундагы Экибастуз шаарынан Сирияга барып согушуп келген төрт кишинин соту болгонун Tengrinews маалымат агенттиги кабарлады. Терроризм үчүн айыпталган ал кишилерден 23 жаштагы Азамат Казбаев менен Абдусалям Мурзубаевди сот жети жылга камаган өкүмүн чыгарды. Терроризмге үгүттөгөн, андай топтун ишине катышкан, башкаларды азгырган, адамдарды уюмдун ишине даярдаган деп айыпталган ал кишилердин үй-мүлкү да толук опуздалаары айтылды. Бул эки жаран былтыр Түркиянын атайын кызматтарынын жардамы менен октябрда кармалып, Казакстанга өткөрүлүп берилгени айтылат.
Экибастуздун дагы эки тургуну – 29 жаштагы Берик Жакупов менен 30 жаштагы Борис Мурзубаевге – “террористтик уюмдун ишмердигин каржылаган” деген айып тагылып, аларды эки жылдан шарттуу түрмөгө кескен өкүм чыгарылды.