Жалал-Абад Ноорузду белгилөөдө

Жалал-Абадда Нооруз белгиленүүдө. Жаз майрамына келген эки миңден ашуун адамды облус жана шаар жетекчилиги куттуктады. Театрлашкан оюн-зоокто кыргыз тарыхы, Мекендин өнүгүүсүнө башат болор эмгек, тынчтык, достук даңкталды. Майрам шаңы облустагы арттисттердин, балдар менен жаштардын тамашалары, түрдүү улуттун ыр-бийлери менен коштолду. (YA)