БУУ Баш катчысы Пан Ги Мун бүгүн Киевге келет

Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Пан Ги Мун бүгүн Киевде болуп, Украинадагы кырдаалды жөнгөрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Пан Ги Мундун украин президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов, өкмөт башчысы Арсений Яценюк менен жолугушуусу белгиленген. Бейшемби күнү Баш катчы Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушууда “Украинадагы кырдаал боюнча терең тынчсыздануусун” билдирген. Ал орус жана украин тарап түз сүйлөшүүнү баштап, маселени чечүү үчүн саясий жол табыш керек деп эсептейт. (AiT)