Жаңы коалиция боюнча сүйлөшүүлөр келерки жумада башталат

Бул тууралуу “Ата Мекен” жана “Ар-Намыс” фракцияларынын лидерлери маалымдады. Жаңы коалиция куроо мандатын президент бейшемби күнү КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековго тапшырды. Азыркы мезгилге карай “Ар-Намыс”, “Ата Мекен”, “Республика” жана КСДП фракциялары коалицияга кирүүгө даярдыгын билдирүүдө. Ал эми “Ата-Журт” фракциясы өз позициясын келерки жумада аныктамакчы. Ошол эле мезгилде “Ата Мекен” фракциясы оппозицияда калууга да даярдыгын билдирүүдө. (AiT)