"Борбор Азия+Жапония" жыйыны Бишкекте өтөт

Быйыл жайында Бишкекте "Борбор Азия+Жапония" диалогунун 10 жылдыгына арналган жыйын өтөт. Ага Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери жана жапон өкмөтүнүн өкүлдөрү катышат. Кечээ Токиодо бул иш-чарага даярдык талкууланып, ага Кыргызстандан тышкы иштер министринин орун басары Эринес Оторбаев катышты.

"Борбор Азия+Жапония" платформасы мурдагы Советтер Союзуна кирген борборазиялык республикаларга көмөктөшүү максатында уюшулган. (RK)