Шамбесай кенинде ишти токтото туруу чечилди

Геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин лицензиялык комиссиясы 19-мартта Кадамжай районундагы Шамбесай алтын кенине байланыштуу маселени карап, “Z-Эксплорер” компаниясынын өтүнүчүн канааттандарды. Компания жергиликтүү калк менен тил табышканга чейин Шамбесайда бардык иштерди токтото турууну өтүнгөн. “Z-Эксплорердин” маалымат кызматы маселе лицензияны токтото турууда эмес, болгону иштерди азырынча токтото турууда болуп жатканын белгиледи. 19-мартта Шамбесай кенинде жергиликтүү калк чогулуп, кендеги иштерди токтотуу жөнүндөгү маалыматты угуп тарап кетти. (AiT)