Кыргыз жана орус дипломаттары Украинаны талкуулады

Бүгүн Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Орусиянын элчиси Андрей Крутько менен жолукту. Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгы, эл аралык жана аймактагы азыркы абал талкууланды. Ошондой эле Украинадагы соңку кырдаал боюнча да сөз болду.

12-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин "легитимдүү өлкө башчымын" деген билдирүүсүн сындап, аны президент катары тааныбасын айтып чыккан болчу. (RK)