Чек арада төрт миллион сомдук тамеки кармалды

Тажикстандан Кыргызстанга аткезчилик аркылуу 5 миң блоктон ашуун тамеки алып келе жаткандар кармалды. Мамлекеттик Чек ара кызматынын басма сөз катчысы Сажира Чоколоева “Азаттыкка” билдиргендей, “МАН” үлгүсүндөгү унаага жүктөлгөн “Marlboro” тамекисинин жалпы баасы 4 миллион сомдун тегерегинде экени аныкталды.

Тажикстандан мыйзамсыз жүк алып келаткан эки киши Баткен облусунун тургундары. Алар 18-мартта Лейлек чек ара кошуунунун өкүлдөрү тарабынан чек араны мыйзамсыз кесип өтөөрдө колго түшкөн.

Алынган товар жана колго түшкөндөр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке өткөрүлүп берилди. (SE)