Жалал-Абадда жер титиреди

Бүгүн эртең менен, саат 07:31де Жалал-Абад аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, жердин силкинүүсү Майлуу-Суу шаарында жана Көк-Таш айылында 3,5 балл, Шамалды-Сай жана Таш-Көмүр шаарчаларында 3 балл болуп сезилди. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор жок. (RK)