Улуттук кеңеш таза шайлоону талкуулайт

Президенттин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, 25-мартта Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги кеңешмеси болот. Анда 2015-жылы парламенттик шайлоону таза жана адилет өткөрүүгө даярдык жана 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселеси каралат. (AiT)