Баткен: Ак-Сайдагы жол оңдоло башталды

Баткендин Ак-Сай айылындагы ички жолду оңдоп-түзөө башталды. Бул тууралуу “Азаттыктын” аймактагы кабарчысы билдирди. Бейшемби күнү кечке жуук Ак-Сайдын жолун оңдоо үчүн келген техниканы тажик чек арачылары айылга киргизбей, тоскоолдук кылган. Буга нааразы болгон аксайлыктар Тажикстандын Ворух эксклавына өтө турган жолду бууп салган болчу. Натыйжада эки тараптан 200дөй киши чогулуп, абал чыңала баштаган. Баткендин облустук бийлик өкүлдөрү Ак-Сайга барып, эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөн соң жол куруучу техника айылга киргизилди. Ошондон кийин гана топтолгондор тарап, жол ачылган.

Учурда айылда абал тынч. Жолду оңдоо уланып жатат.(BkA/JsA)