Тоодогу жолдорго кар көчкү түшүшү ыктымал

Күн жылыганына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жолдорунда кар көчкү коркунучу күчөдү. Кооптуу абал 18-мартка чейин уланат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Айрыкча Бишкек - Ош жолунун 121-137, 198-265-чакырымдарында, Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Каракол - Эңилчек, Ала-Бука - Каныш-Кыя жолдорунда кар көчкү коркунучу жогору. Кар күрткүсү да күтүлүп жатат.

Айдоочулар унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сакташы зарыл. (SE)