Ош: көпүрөлөрдүн чечилбеген көйгөйү
Курулуш 539 млн. сомго бааланып, кытай ишкерлерине тапшырылган эле. Шаардын бюджети болсо 2014-жылга жалпы 787 млн. сомду түздү. Бирок жыл башында Ош шаардык прокуратурасы эстакада көпүрөнүн курулушу боюнча эки кылмыш ишин козгогон. Ошол себептүү, иш учурда токтоп турат.
Ош шаарынын Алишер Навои көчөсүндөгү эстакада көпүрөнүн курулушу өткөн жылы октябрда башталган. Ошондон бери жолдун эки тарабы тең жабылып, каттамдар, унаалар айланып каттай баштаган. Көпүрөнү ошо кездеги шаар мэри Мелис Мырзакматов “кылым курулушу” деп атаган эле.
Шаардык кеңеш жыл башында курулушка деп 40 млн. сомдой каражат бекитип берген. Кошумча дагы 25 млн. сомдой акча табылышы мүмкүн.
Бул кичи көпүрөлөр Ак-Бууранын эки тарабын туташтырып турган өзүнчө эле бир артерия. Мунун ар биринен күнүнө миңдеген адамдар ары-бери каттайт.
Ак-Буура дарыясын кесип өткөн дагы 15-20дай кичи көпүрө бар. Алар негизинен жөө адамдарга жана араба өтүүгө ылайыкташкан.
Ош кичирайону, Чынар-Терек сквери.
Кичи көпүрөлөр борбордук базардын, Навои паркынын, Келечек жана Токтогул парктарынын тушунда жайгашкан.
Адистер Абдыкадыров көпүрөсү да жылдан-жылга чөгүп баратканын белгилеп келишет. Ошол себептүү, жамгыр жааган сайын көпүрөнүн ортосу сууга толуп калат. Курулуштун астынын дагы кээ бир жерлери чирип, жарактан чыга баштаганы айтылып келет.
Мурдагы көпүрөнүн курулганына дээрлик 50 жылдан ашканын адистер белгилеп келишет. Ошол себептүү, көпүрө эки жыл мурда эле ӨКМ тарабынан жараксыз деп табылган.
Кээ бир кичи көпүрөлөр түз эле кафеге алып кирет. Кээ бирлеринин үстүнө болсо жасалма базар уюшулуп, соода-сатык кылып жаткандар бар.
Өзгөчө Навои көчөсү жабылгандыктан унаалардын жана каттамдардын дээрлик баары ушул көпүрөгө туура келет. Кээ учурларда Абдыкадыров көпүрөсүнө баштан-аяк автоунаалар тыгылып калат. Көпүрөнүн узундугу 400 метрди, туурасы 32 метрди түзөт. Аталган көпүрөнүн курулганына 50 жылдан ашып калды.
Оштун тургундары бул көпүрөлөрдөн күн сайын өтүүгө аргасыз.
Навоидеги көпүрө борбордук базардын жана борбордук автобекеттин жанында жайгашкандыктан мында автоунаалар абдан көп өтчү. Дээрлик маршруттук каттамдардын баары ушул жол аркылуу кетчү.
Төлөгөн Касымбеков көчөсүндө жайгашкан бул көпүрө негизинен Ош аба майданына, Кара-Суунун айылдарына жана Манас-Ата кичирайонуна каттаган унааларды өткөрөт. Касымбеков көпүрөсү шаардын эки тарабын бириктирген 4 көпүрөнүн бири. Бирок бул шаардын четинде жайгашканы үчүн кыймыл дээрлик аз. Ошентсе да көпүрөнүн айрым жерлери көчүп, сына баштаганы байкалат.
Шаардагы эң негизги жана борбордук көчөлөрдүн бири деп саналган бул көпүрөгө белгилүү ырчы Рысбай Абдыкадыровдун аты коюлган.
Ош кичирайону, Чынар-Терек сквери.
Майда көпүрөлөрдүн айрымдары жакшы кам көрүлбөй турат.
Көпүрөлөр бузулуп калган кезде, көпкө чейин оңдолбой турат.
Навоидеги көпүрө борбордук базардын жана борбордук автобекеттин жанында жайгашкандыктан мындан автоунаалар абдан көп өтчү. Дээрлик маршруттук каттамдардын баары ушул жол аркылуу кетчү.
Кичи көпүрөлөр борбордук базардын, Навои паркынын, Келечек жана Токтогул парктарынын тушунда Абсамат Масалиев көчөсүндө жайгашкан.
Шаардын эки тарабын бириктирген 4 көпүрөнүн бири Б. Нурматов көчөсү. Бул көпүрө Курманжан датка кичирайону менен Фрунзе кичирайонуна кетчү автоунааларга ыңгайлуу. Көпүрө эгемендик алган жылдарга чейин курулган. Адистердин айтымында, азырынча абалы канааттандыраарлык.
Көпүрөлөрдүн айрым жерлери көчүп, сына баштаганы байкалат.