Асынып өлгөн жоокер окуясын иликтөө уланууда

Бул тууралуу Коргоо министрлигинен “Азаттыкка” билдиришти. Маалыматка ылайык, бул иш боюнча бөлүктүн командири кармалды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Азырынча иликтөө-тергөө иштери уланууда.

3-февралда Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылында жайгашкан аскердик бөлүктүн эски казармаларынын биринде моюнунан асынган аскердин сөөгү табылган. Каза тапкан 20 жаштагы жигит аскерге былтыр апрель айында Жалал-Абаддан чакырылган. Кызматы аяктаарына эки ай калган болчу.(ZKo)