"Мегаком" чырынын чын-төгүнү (2)

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда үч миллиондой абонентти тейлеген "Мегаком" мобилдик байланыш компаниясынын мурдагы жетекчилигине каршы кылмыш иштин козголгонуна эки жылдын жүзү болду. Соттук териштирүүгө бөгөт болуп жаткан кандай себептер бар? Бул чуулгандуу иштин артында тымызын таймашкан саясий күчтөр турабы? Компанияга байланышкан чырдын төркүнү кайда? "Ыңгайсыз суроолордун" бул жолку чыгарылышы дүйшөмбүнүн кечинде Коомдук телеканалдан көрсөтүлгөн жок. Берүү башталар алдында КТРК жетекчилиги аны обого чыгаруудан баш тартты.