Кыргыз адабиятынын кара сөз чеберлеринин бири Мирзахалим Каримов “Кыз күйүтү” деген жаңы аңгемелер жыйнагын чыгарды. Он алты басма табактан турган бул жыйнакта автор аялзатынын турмуштан алынган оош-кыйыш тагдырларын чагылдырууга басым жасаган.
- Мырзахалим Каримовдун эне тили - кыргыз тил, ата тили - тажик тил. Андыктан экөөну тең аздектеп алып жүргөн, китептерин көбүнчө кыргыз тилинде жазган жазуучу. Эки элге данакер болгон жазуучунун тили бай, прозаны жакшы жазгандыктан, бул жанрдын өсүшүнө да салым кошууда, - дешет белгилүү калемгерлер Садык Алахан, Сооронбай Жусуев, Карбалас Бакиров.
Жыйнактын бет ачары 12-мартта, саат экиде Тарых музейинин залында болоорун автор кабарлады. Бул анын он бешинчи китеби.(ATе)