Акыйкатчы БУУнун жыйынына катышат

Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча 110-сессиясында КР акыйкатчысы Бакыт Аманбаев Кыргызстандагы кыйноолор боюнча доклад окуйт. Бул тууралуу Бакыт Аманбаев “Азаттыкка” билдирди. Акыйкатчы өткөн жумада былтыр кармалган Саруу айылынын тургундарынын кыйноого алынышы боюнча көрсөтүлгөн фактыларга эч кандай чара көрбөгөнү үчүн Башкы прокуратураны сотко берген.

Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча Женева шаарында өтө турган 110-сессиясында Кыргызстандагы абал тууралуу укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Дмитрий Кабак маалымат берет. Андан сырткары Юстиция министрлигинин өкүлдөрү эл аралык жыйынга катышып, тийиштүү отчетторду дүйнө коомчулугуна сунуштайт.(ZKo)